Кыргызстан жана БУУ тутуму 30 жыл бою туруктуу өнүгүүнүн көптөгөн багыттары боюнча жемиштүү кызматташууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУ тутумунун өнүктүрүү максатында көмөк көрстөтүү боюнча беш жылдык рамкалык программасынын (ЮНДАФ) стратегиялык координациялык комитетинин жыйынында билдирди, — деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Бүгүн биз маанилүү датаны белгилеп жатабыз – мындан туура 30 жыл мурда 1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунушуна жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46/225 резолюциясына ылайык, биздин өлкө Бириккен Улуттар Уюмуна бир добуштан кабыл алынган. БУУ тутумуна өлкөнүн өнүгүүсүнө жана анын тургундарынын жыргалчылыгын жогорулатууга кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, республика башынан эле Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык күн тартибин даярдоого жана талкуулоого, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын аныктоого жигердүү катышкан, ошондой эле өнүгүүнүн жаңы глобалдык күн тартибин жактай тургандыгын бир нече ирет тастыктаган.

«Өлкө жетекчилиги биздин улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен Туруктуу өнүгүү максаттарына умтулат. Бардык максаттар жаңы стратегиялык документте – Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында чагылдырылган. Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты жана кабыл алынды, аны ишке ашырууда сиздердин ролуңуздар чоң», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу, башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, өнүгүү чөйрөсүн калыптандыруу, каржы рыногун өнүктүрүү, экономиканын стратегиялык тармактары, экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу жана чечүү, өлкөбүздөгү уникалдуу жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, “жашыл экономиканы” өнүктүрүү сыяктуу Улуттук программанын артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

«Биздин өлкөнүн позициясы КР президентинин Глазгодо өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитиндеги кайрылуусунда ачык айтылгандыгын белгилегим келет. Европанын жана башка өлкөлөрдүн эң мыкты тажрыйбасын колдонуу менен БУУнун тутуму тарабынан илгерилетилген тажрыйба жана технологиялар биз үчүн калыбына келтирүү максаттарына жетүүдө абдан маанилүү. Биз азыртадан эле ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жолуна түшүп жатабыз жана Кыргыз Республикасы өнүккөн, өнүгүүсү расмий жардамдан көз каранды болбой турган учур келет деп ишенем. Ошол эле учурда, бул өткөөл мезгилде бизге БУУнун тутумунан жана башка эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөрүнөн өз ара макулдашылган багыттар боюнча кошумча гранттык каржылоо керек», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал БУУ тутуму ийкемдүү болушун жана өлкө туш боло турган алдыдагы мезгилдин жаңы чакырыктарына өз жардамын ыңгайлаштырууга даяр болушун каалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга Өнүктүрүү Кызматташтыгынын Алкактык программасын ишке ашырууда биргелешкен иш пландары аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн улуттук артыкчылыктарды жана тобокелдиктерди эске алуу зарыл, натыйжада, БУУ тутуму келерки беш жылдыкта өлкөнүн өнүгүү багытын калыбына келтирүүгө көмөк берүүчү программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга эң мыкты экспертизаны жана жетиштүү ресурстарды мобилизациялай алат.

«Биз алдыдагы кризисти туруктуу жашыл өнүгүү, экономиканы диверсификациялоо, инновациялык тажрыйбаларды жана ыкмаларды, мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу, ошондой эле өнүгүү иретинде өнөктөштүктү кеңейтүү жана чыңдоо аркылуу өлкөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө айландыруунун бардык жолдорун карап чыгышыбыз керек. Ошондуктан биздин тыгыз кызматташуубуз чечүүчү мааниге ээ болот», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.