Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына 12 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-мартта Ички иштер министрлиги тарабынан Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине жол коопсуздугун камсыздоо жана техникалык базасын чындоо максатында 5 даана ылдамдыкты өлчөөчү жабдуу (радар) жана 12 атайын жабдыгы менен жабдылган кызматтык автоунаалар тапшырылды.

Бөлүнүп берилген радар жана кызматтык автоунааларды Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов тапшырды.

Берилген кызматтык автоунаалар Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнө бөлүнүп берилди.

Аталган кызматтарга тапшырылган кызматтык унаалар бөлүнгөн аймакка жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чара жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти.