Көп жылдан бери Россияда эмгектенип жүрөм. Ошол жактан үй алып, жарандыгын алып жашап калдык. Орус кошуналарым да жакшы. Зериккенде көчөгө чыгып кобурашып калабыз. Алардын арасында Аня деген бирөөсү бар. Жашы 60ка жакындап калса да сымбатын жоготпой сулуу аял. Ага жаш кезиңде сулуу болсоң керек, ким болуп иштедиң деп сурап калдым.

— Эээ Катя сурайсың да… жаштыгыма алдырып, жамалым менен азгырып, бар нерсеге көз артып, бирөөнүн бактысына бакыт курам деп баар таппадым. Ошол мезгилде, бирөөнүн көз жашы, арманын, тарткан азабынын себепчиси болуп жатканымды билип турсам да билгим келбеген. Анын азабын эми мынтип жалгыз калып, куу башым калганда билип жатам. Бирок, мен көргөн бактылуу күн деле көпкө узаган эмес. Анын баары кечээ болгондой көз алдымда.

Ал кезде, жаңыдан консерваторияны аяктап, жаңыдан ыр дүйнөсүнө, аралашып, жаңыдан киного тартылып баштаган кезим эле. Сулуулугум, көрктүүлүгүм, ажарыма ажар кошкон жүзүмдөгү уячам мен жылмайганда көптөгөн эркектерди азгыраар эле. Дал ошол жетилип, бой келбетим келишип турганда бир байдын тузагына чалындым. Алдыма түшүп, киши салып, туулган күнүмдө укмуш белектерди берип көңүлүмдү алып жүрдү. Анын үй-бүлөсү, аялы бар экенин билчүмүн. Бирок, менде мунун аялы жакшы күтпөйт го, менден жылуулук издесе, демек жакшы сезим тартуулай албай жатат го деген ой пайда болгон. Ошентип, акыры экөөбүз баш коштук. Менден өткөн бактылуу адам жок. Чет жакка барып эс алып келдик, унаа сатып берди, боюма бүтүп, бала күтүп жатканда уул төрөсөң үй алып берем деди. Уулдуу да болдук, эки бөлмөлүү үй алып берди. Күндөрдүн биринде анын жубайы курбу кызы менен келип чуу салып,  аны менен түбөлүк бакыт кура албашымды, балдарынын ыйы, көз жашы мени аман койбошун айтты. Тайманбай туруп, “жакшы болсоң эриң сенден кетмек эмес, сен тууган баланы мен да тууп бердим, биз азыр бактылуубуз, бул оюнда сен ашыкчасың, эсиң барда эки балаңды алып кетип кал” дедим. “Шерменде, шуркуя, сен да мендей азап чекчү күн али алдыда деп”  ыйлаган бойдон биринчи аялы албууттанып үйдөн чыгып кетти.

Көп өтпөй экинчи балабызды күтүп жаттык. Эки жыл удаа төрөгөндө баягы сулуулук сыныман кетип, толуп баштадым. Кино, ырчылык дегенди унуттум. Жаңыдан жанып жаткан жылдызым жанбай эле сууга кулаган комета учкунундай жок болду.

Бир күнү күндөшүм чалып, мен сүйгөн адам башка кыздар менен шапар тээп, эс алып, махабаттын туу чокусуна чыгып, бакытка бөлөнүп жүргөнүн айтып толтура сүрөт жиберди.

Ачуу ыйымды ичиме жутуп кала бердим. Ал келгенде баарын айттым, жок андай эмес деп мойнуна албай койду. Экинчи ирет курбу кызым клубда жаш кыздар менен жүргөнүн айтып телефон чалды. Аны айтсам, “үстүңдө үйүң, астыңда унаа бар дагы эмне керек сага” деп катуу кагып салды. Ошентип көп да келбей калды. Эки баланы чоңойтуп үйдөн чыкпай калдым.

Күндөр өтө берди, ал ансайын мен алданганымды, жаштыгымдын, байлыктын курмандыгы болгонумду аңдап жаттым. Бирок эми баары кеч болуп калган. Болгон күчүмдү жыйнап, алданып  башкалардай болуп көчөдө калбаганыма шүгүр кылып жашай бердим. Башкага да турмушка чыкпадым.

Балдар чоңоюп өз алдынча болуп, жогорку билим алып, үйлөнө турган кезге келгенде атабыз адатынча жаш кыздар менен көңүл ачып жүргөндө наркотикти дозасынан көп колдонуп каза болду.

Өзүмдү көп ирет күнөөлөдүм, жээридим, жек көрүп, жаштыгыма кайтып баарын баарын башынан баштагым келди. Атамдын чокусунабы, баарын кол менен жасаган соң, моюн менен тартчу мезгил келгенде, артка кайдан жол болмок эле. Бирок, артка кайтар жол болсо таптакыр алданбайт элем, акчасы байлыгынан айланып качмак элем.

Кыскасы эки уулду тең үйлөндүрдүм. Азыр мына жалгыз өзүм, дубал менен сүйлөшүп, өткөнгө өкүнүү менен, кайгынын кайыгында белгисиз тарапка багыт алып, карылыкка баратам», — дейт.

Ойлоп көрсөң бул байлык менен бийлик кимдердин гана түбүнө жеткен жок. Пендеси баарын билип туюп турсак да болбой эле акчанын артынан калбайт экенбиз. Биз деле көр оокаттын айынан туулган жерден алыс жүрбөйбүзбү бутка туралы деп. Бутка тургандар деле кайра эле тытынат экенбиз, улам бир жаңы максаттар чыгат. Өзүңө үй алсаң, эми балама дейт экенсиң. Баардык максатыңа жеттим дегенде жашың да бир топко келип азыркыдай отуруп гана калат экенбиз…

  Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.