“Элчи” коомдук-саясий изилдөөлөр борборунун директору, саясат таануучу Денис Бердаков Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча БУУдагы позициясын тең салмактуу деп баалады.

«Кечээ түнү бою БУУда Украинадагы кырдаал боюнча дүйнөнүн бардык өлкөлөрү катышкан добуш берүү болду. Бул Кыргызстан үчүн дипломатиялык оор мезгилдер. Бирок бул жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана согуштук аракеттерди тез арада токтотууга ар тараптан колдоо көрсөтүп, Кыргызстан Россия менен болгон эбегейсиз экономикалык байланыштарды, эмгек миграциясынын толкунун, биздин өлкөлөрдү байланыштырган маданий-гуманитардык долбоорлорду эске алуу менен өз пикирин билдирди. Кыргызстан добуш берүүдө карманды, мындай мамлекеттердин саны 30дан ашты», — деп белгиледи эксперт.

«Казакстан менен Тажикстан да ушундай эле позицияны карманышат. БУУда Украинадагы кырдаал боюнча добуш берүүдө алар да “калыс” деп добуш беришти. Чынын айтсак, кырдаал өтө оор жана өлкөнүн президенти бардык чечимдерди миллиондогон жарандарыбыздын экономикалык, турмуштук таламдарына таянуу менен кабыл алышы керек. Ал эми Кыргызстан боордош элдерибиз тез арада тынчтык жолу менен консенсуска келишине чындап кызыкдар», — деп жыйынтыктады Денис Бердаков.