Бүгүн, 4-мартта, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда +11…+16, Ысык-Көл облусунда +7…+12, Нарында +1…+6 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы 15…+20 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +15…+17 градуска жетет.