Бүгүн, 4-мартта, Бишкекте Кыргызстандын судьяларынын XII курултайында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, аймактардагы сот имараттардын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу жакшы кабардар экенин билдирди.

“Судьяларды кызматтык турак жай менен камсыздоо, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу боюнча пландарыбыз бар. Демек, мамлекет тарабынан сотторго тиешелүү шарттарды түзүү кадамдары жасалып, камкордук көрүлөт. Бирок судьялар корпусу тарабынан соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатат. Коомубузда, жарандарыбызда судьялардын иштерине, сот адилеттүүлүгүнүн акыбалына дагы деле нааразы. Соттордун калыстыгына, иш билгилигине көлөкө түшүрө турган аракеттер: жүрүм-турум, этикалык нормалардын бузулушу жана терс көрүнүштөр жеке судьянын аброюну гана шек келтирбестен жалпы мамлекеттин жана Кыргызстандын президенти катары менин дагы беделиме шек келтирет”, — деп белгиледи Жапаров.

 

Өлкө башчы соттордун иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп, материалдык жактан толук камсыздалган күндө дагы сот системасы ичинен тазаланып, судьялар өздөрү кардиналдуу өзгөрүүлөргө умтулбаса оңолуш кыйын экениндигин кошумчалады.

“Натыйжаса силер өзүңөрдү жана мамлекетти артка тартасыңар”, — деди ал.