Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын XII курултайында мыйзамдуулукту бекемдөөдөгү сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн өлкөнүн сот тутумунун бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наам ыйгарылды:

Чинара Садыровага — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты:

Азамат Алыбаев — Бишкек шаардык сотунун төрагасы;

Мирбек Арстанбеков — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти;

Алмаз Калыбаев — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы;

Айнаш Токбаева — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Кенешбек Токтомамбетов — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы.

Мындан сырткары, сот органдарындагы көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкеринин күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин эчилүү сааттары менен сыйланышты:

Болотбек Акматов — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Нургуль Асанова — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Кыдык Джунушпаев — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Эркинбек Мамыров — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчиси;

Алмазбек Абдылдаев — Ош облустук сотунун төрагасы;

Канат Аманов — Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Кымбат Архарова — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

Ашырбек Курманов — Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы;

Урмат Кожомбердиев — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору;

Рустамбек Шабыев — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы маалыматтык технологиялар боюнча мекеменин башкаруучусунун милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыяланды:

Чынара Мамыткановага — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн басма сөз-катчысы;

Изати Шугуралиевага — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн улук референти;

Замирбек Ормоновго — Баткен облустук сотунун басма сөз-катчысы.