Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь-февраль айларында 6 млрд 671 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, план 5,9 %га же 371 млн сомго ашык аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 74,1 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 119,2 %).

Анын ичинде февраль айында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча белгиленген план 103,7%га аткарылган. 3 млрд 318,1 млн сом жыйналды, 118,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 240,1 млн сомго көп жыйналды.