Справкаларды, паспортторду айыл өкмөтү берет. Бул тууралуу маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктар берилди.

«Бул жарандарга транспортко кошумча акча жана убакыт коротпостон каттоо кызматын алууга мүмкүндүк берет. Жарандар каттоодон өтүү үчүн облустук борборлорго барышпайт. Ал эми жетүүгө кыйын болгон айыл өкмөттөр бул кызматтарды ала алышат. Эми биринчи этапта алыстык критерийи боюнча тандалып алынган 156 айыл өкмөт иштей баштайт, башкача айтканда, район борборлорунан 35 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан», — деди Залкар Карыбеков.

Министрдин орун басары Баткен районундагы 26 айыл өкмөтү да облустун статусуна жана район борборлорунун алыстыгына карап каттоо кызматын көрсөтөөрүн белгиледи.

«Бул демилге паспорттук бөлүмдөрдүн жана калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин түйшүгүн бир топ жеңилдетет. Ал жарандардын кезекте турган убактысын кыскартат», — деп жыйынтыктады Залкар Карыбеков.