Коомчулук алдында тунук иштеп жана отчеттуулук боюнча компания саясатына ылайык, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2021-жылга карата «Альфа Телеком» ЖАКтын ишинин каржылык жыйынтыктарын жарыялады.

Оператордун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12 айынын ичинде MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетин 2.595 млрд сомдон ашуун каражатка толуктады. Анын ичинде:

  • Отчеттук мөөнөт ичинде салык жана төлөмдөр 1.304 млрд сомду түздү;
  • Мамлекеттик бюджетке башка төлөмдө 0.897 млрд сомдон ашты;
  • 2020-жылы каржы ишмердүүлүгү үчүн 2021-жылы төлөнгөн дивиденддердин суммасы 0.395 млрд сомдон ашты.

Мындан тышкары, «Альфа Телеком» ЖАК 2021-жылы 1.503 млрд сом таза киреше тапкан.

Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MegaCom оператору каржылык милдеттемелерин толук аткарып, Кыргыз Республикасынын бюджетине өз убагында жана толугу менен төлөп турганын компанияда баса белгилешти.

«MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкананын кирешесин жана Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине төлөмдөрдү мындар ары да көбөйтүүнү максат кылды, – дейт, 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. – Ошону менен бирге, MegaCom компаниясы республика боюнча түйүндөрүн кеңейтип, ыңгайлуу тарифтерди жана актуалдуу санарип сервистерди ишке киргизүү боюнча пландарын уланта бермекчи».