Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин январь айында кирешеси 17 млрд 403,3 млн сомду түздү. Мындай маалыматтар Финансы министрлиги тарабынан келтирилди.

Анын дээрлик 90%ы же 15 млрд 657,6 сому республикалык бюджеттин кирешеси.

Аны менен бирге, каралып жаткан мезгилде чыгашалар 11 млрд 40,3 млн сомду түздү. Мындан тышкары, январда каржылык эмес активдерди сатып алууга бюджеттин чыгашасы 4,9 млрд сомду түздү.

Муну менне мамлекеттик бюджет 1,5 млрд сом профицит менен аткарылды.