Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мектеп жашындагы балдардын санариптик көз карандылыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов белгилегендей, жагымсыз интернет-контент жана гаджеттерден көз карандылык көйгөйүнүн актуалдуулугу талашсыз.

«Биз гаджет жана смартфондордун ашыкча пайдаланылышы өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын жакшы түшүнөбүз. Мектеп окуучулары ата-энелерине баш ийбестен, агрессия пайда болуп, айрым учурларда жагымсыз кесепеттерге алып келүүдө. Мамлекет бул багытта так иштерди алып баруусу зарыл», — деди Байсалов.

Ал кошумчалагандай, келечек муунду тарбиялоо прораммасын иштеп чыгуу керек, анда аталган багыттар боюнча мамлекеттик органдардын конкреттүү иш-чаралар планын киргизүү зарыл.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маселени натыйжалуу чечүү үчүн ата-энелердин катышуусу маанилүү экендигин билдирди.

«Мектепте интернетти колдонууда чектөөлөр бар, ата-энелер үчүн эскертмелер иштелип чыккан, анда гаджеттердин баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жазылган. Бирок биз ар бир үй-бүлөгө келип, кооптуу сайттарды жаап, баланын мектептен сырткары эмне кылып жатканын текшере албайбыз. Ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, смартфон жана гаджеттерге карай убактысын чектеши керек. Ар дайым ата-эненин көзөмөлү керек»,- деди Жусупбекова.

Талкуунун жыйынтыгында Эдил Байсалов мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпарыса Рысбековага бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде Конституциянын 10-беренесине ылайык өсүп келе жаткан муунду коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.