Нарында издөөгө алынган жарандын жансыз денеси саздан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Э.Т. аттуу (эркек киши) тургуну. Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып, 28-февралда ӨКМнын куткаруу кызматына кайрылышкан. 6 куткаруучу тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшкөн. 4-март күнү аталган жарандын жансыз денеси саздан табылып, куткаруучулар маркумдун жана өзү минген атынын өлүгүн саздан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.