Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 5-мартта, Кыргызстандын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады, — деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Төраганын куттуктоосу:

«Урматтуу соттор жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сот системасы мамлекетибиздин укуктук сасясатын калыптандырууда өзгөчө орунду ээлейт. Сот ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири акыйкаттык принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу болуп саналат.

Ал эми сот бийлигинин кадыр-баркын бекемдөө үчүн анын ар бир баскычынын адилет иштегендиги жана сот кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу өтө маанилүү.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жасап жаткан иштериңиздерде ийгиликтерди каалайм!».