Мен бала кезде таенем дайыма бир кейиштүү жомокту айта турган. Ал жомокто апасынан эрте ажырап, таежеси апасынан ордуна апа болгон жомок эле. Кийин эс тартып билсем, ошол апасы каза болгондо чийдей балдарга боору ооруп, жездесине турмушка чыккан дал ошол таенем  болгон экен. Бул окуя кимдир бирөөлөр үчүн акылга сыйбаган бир көрүнүш болушу мүмкүн, бирок, тээ түпкүрүндө, ошол мезгилдеги эң туура чечим болгон экен. Анда эмесе  бул окуяны башынан баяндап берейин.

Тээ илгери согуш бүтүп таятам  аман-эсен келет. Ал кезде таятам болгону 40 жашта, ал эми таежем (таенемдин эжеси) 35 жашта болчу экен. Экөөнүн 3 уулу болуптур, таятам согуштан келгенден кийин бир кыз төрөлөт. Ошол кыз эки жашка чыкканда таежем каза болот. Бул мезгилде менин таенем  турмушка чыгып күйөөсү кызыл камчы болуп ажырашкан мезгил экен.  Таежем каза болгондон кийин, балдары эс тартып калганы менен кичинекей кыз «апалап» ыйлап апасын издеп бир топ кыйналат. Баланын абалын карап таенем тыштап кете албайт. Ошондо таятамдын карындашы таенеме айтат экен.

— Гүлүмкан сен баарын көрүп турасың, 4 бала апасыз калды, эгер агам башкага баш кошо турган болсо балдардын күнү эмне болот? Макул болсоң агама турмушка чык, — деп суранат.

Таенем эки жолдо аябай кыйналат. Кантип эле бир тууган жездесине турмушка чыгат, бул эмне деген шумдук. Кечээ эле каза болгон эжесинин арбагын сыйлабагандык болбойбу? Бир жагынан балдарды алып кетейин десе өзү жалгыз кантип чоңойтот. Апасынан айрылганы аз келгенсип балдарды эми атасынан тирүүлөй ажыратамбы? Балким жездем башкага баш кошсо ал чындап каардуу аял болуп, балдар каралбай, катуу жеме угуп,  кагууда калсачы, деп аябай ойлонот.

Ошентип балдар чоңойгончо караша турайын деп эжесинин үйүндө калат. Кичинекей кыз  ыйлай бергендиктен, таенем каза болгон эжесинин көйнөгүн кийип, жоолугун салынып кызды уктатчу экен. Ошондо кичинекей наристе таенемди апасы деп ойлоп «апа» деп түндө жанынан чыгарбай көйнөгүнөн бекем кармап жатчу экен. Акыры балдарды тыштап кете албашына көзү жеткенде жездесине нике кыйдырат. Алардан дагы бир кыз төрөлөт. Экөөсү 5 баланы чоңойтуп, таятам 75 жашка чыкканда каза болот. Ал убакта балдар эрезеге жетип, окууга окуп өз алдынча бүлө күтүп  калышат.

Таенем бизге ушул башынан өткөн кыйын күндөрдү жомок кылып айтып бере турган. Азыр ойлоп отуруп ошол мезгилде таенемдин балдарды башкага кор кылбай  баккан эрдигине баа берем.  Эгерде ошол кезде таенем намыска салып, жездесине турмушка чыкпай койсо балдар кандай күнгө туш болмок. Балким өгөй апанын жемесинде калып, мерез балдар өсөт беле? Анын үстүнө ким эле беш баланы кирин жууп, тамагын жасап, койнуна кысып мээрим төгүп чоңойтот эле…