Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Аялдардын эл аралык күнүн утурлай өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.
Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Президент жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырдыкты көрсөткөн өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.
Аны менен бирге Мамлекет башчысы ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады.
Өз кезегинде аялдар өздөрү тууралуу, жумуштан, турмуштан алынган окуяларды айтып беришти.
Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнүн урматына жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына Президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды.
Мамлекет башчысы менен жолугушууга катышкандар:
— Альярова Гүльчехра Абдыганиевна – ишкер. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн тургуну. 1964-жылы туулган. Дүйнөлүк азык-түлүк уюму менен кызматташып, Сакалды айылындагы 15 жакыр үй-бүлөгө, Германия техникалык кызматташтык коому (ГТЦ) менен иштешип, 20 жакыр үй-бүлөгө сүт багытындагы эчки алып берген. Ошондой эле 2021-жылы Агросистемалардын азыктануусу боюнча уюм менен иштешип, 18 үй-бүлөгө күнөскана курдуруп берип, жардам көрсөткөн. Ошондой эле 18 үй-бүлөгө биогумус иштеп чыгаруучу сөөлжыландар менен иштөөнү үйрөткөн. Мындан сырткары, 2022-жылы Сакалды айыл өкмөтүнө 2 млн. сомдук биологиялык лаборатория куруу боюнча долбоор даярдап, Ноокен районунун өнүктүрүү фондуна сунуштап, колдоо тапты.
— Давронова Машхура Равшановна — китепканачы. Баткен облусунун Баткен районунун Жаңы-жер айыл-өкмөтүнүн тургуну. 1984-жылы туулган. 2014-жылдан бери райондук маданият бөлүмүнө караштуу № 26 Борбордук айылдык китепканасын түптөп, жетектеп келүүдө. Жергиликтүү айыл калкын китеп жана ар түрдүү басылмалардын маалыматтары менен тейлеп, элдин руханий жактан өсүүсүнө өз салымын кошуп келүүдө. Айылдык китепкана Тажикстандын чек арасы менен жакын жайгашкандыктан, 2021-жылдын апрель окуясындагы алгачкы сокку ошол жердеги социалдык объектилерге, анын ичинде айылдык китепканага да тийген. Машхура Давронова өзүнүн эсебинен китепканада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн.
— Урмамбетова Бубуя Асанакуновна – социалдык кызматкер. Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылынын тургуну. 1962-жылы туулган. Бубуя Урмамбетова 2002-жылдан бери Беловодский балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин тарбиячысы болуп иштеп келе жатат. Жалпы стажы 38 жыл, анын ичинен 20 жылдан ашуун Беловодский балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде иштеген. Бубуя Урмамбетова акыл эси начар өнүккөн балдардын тобунда иштейт. Бул топтогу балдар өз алдынча кыймылдай алышпайт, дайыма төшөктө жатууга аргасыз болушат, ошондуктан көбүрөөк камкордукка муктаж болушат.
— Усупбаева Максат Мустапаевна – ветеринар. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну. 1970-жылы туулган. Максат Усупбаева 2005-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Барскоон айыл аймагынын жеке мал доктурлук кызматында үзүрлүү эмгектенип, жалпы 26 жылдык эмгек стажы бар. Барскоон айыл аймагы жылкыларга чип басуу боюнча райондо алдынкы көрсөткүчкө жетишти. 2017-жылдан бери айылдын ветеринария тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошуп келүүдө. Максат Усупбаева айылда ветеринария тармагы боюнча жаш адистерге кесиптик тарбия берип, жаштарга тажрыйбасы менен бөлүшүп келүүдө.
— Садыкова Бактыгуль Шүкүрбековна – фельдшер. Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну. 1969-жылы туулган. Эмгек жолун 1988-жылы Тогуз-Торо районунун инфекциондук бөлүмүндө медайым кызматын өтөө менен баштаган. 1989-жылы Тянь-Шань райондук ооруканасында медайым кызматында иштеген. Ал эми 2002-жылдан Жер-Көчкү айылындагы ФАПда фельдшер кызматында эмгектенип келүүдө.
— Эшенкулова Жылдызбүбү Саматовна – почточу. Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну. 1972-жылы туулган. Эмгек жолун 1994-жылы Талас районунун Чат-Базар айылындагы Чат-Базар байланыш бөлүмүнө почточу болуп баштаган. Ал почта кызматынын түйшүктүү ишине эрте аралашып, айыл элин маданияттуу тейлөө багытында бир топ кыйынчылыктарга туш болсо да, өзү сүйүп тандап алган кесиптин канчалык ардактуу экенин сезе билип, жайдын ысык аптабында, кыштын ызгаар суугунда ар бир үйдүн эшигине чейин барып, газета, журнал, кат кабарларды өз убагында жеткирүүгө аракеттенген. Жылдызбүбү Эшенкулова 2017-жылы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Талас райондук жетекчилигинин зор ишеничине татып, Чат-Базар байланыш бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган. Өзүнүн ишке берилгендигин, жоопкерчиликтүү, принципти туу туткан, эл менен иштөөнүн үлгүсүн көрсөтө билген адис экендигин далилдеп келет.
— Ташбү Тагаева – мугалим. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн тургуну. Ташбү Тагаева 26 жылдык мугалимдик кесибине таянып, үй-бүлөлүк жетим жана кароосуз калган балдар үйүн ачуу боюнча иш аракеттерин көрүп, 2005-жылы Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында жайгашкан “Ташмамат” атындагы үй-бүлөлүк жетим жана кароосуз калган балдар үйүн негиздеп, аны 2005-2018-жылдары жетектеген. 2005-2017-жылдары 21 бала тарбияланып, анын ичинен 5 бала жогорку жана 6 бала атайын орто окуу жайларынан билим алып, бирөө окууну кызыл диплом менен аяктаган.
— Сагынбаева Гүлсара Абдылдаевна — троллейбустун айдоочусу. Бишкек шаарынын тургуну. Бишкек троллейбус башкармалыгында иштейт. 58 жашта. Эмгек жолун 1982-жылы Бишкек троллейбус башкармалыгынан баштап, 2007-жылы 2 класстагы айдоочу, 2016-жылы 1 класстагы айдоочу болуп ушул күнгө чейин эмгектенип келет.
— Николаева Ольга Ивановна – техник. Бишкек шаарынын тургуну. 1953-жылы туулган. 1973-жылдан ушул кезге чейин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде эмгектенип келет. Ал 49 жылдан бери колдун жана буттун протездик-ортопедиялык буюмдарын жасоонун технологиясын мыкты өздөштүрдү. 1979-жылы дасыккан адис катары Ош, Жалал-Абад, Баткен областындагы майыптарга протездик-ортопедиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн протездик-ортопедиялык ишкананын Ош филиалына жөнөтүлгөн. 1996-жылдан тартып Германдык “Отто-Бок” фирмасынын жаңы прогрессивдүү технологиясын өздөштүргөн. Майыптарды тезирээк реабилитациялоо жана аларды өзүн-өзү тейлөөгө жана коомго пайдалуу эмгекке тартуу үчүн бул ишкананын продукциясы республиканын калкынын арасында чоң суроо-талапка ээ.
— Алымбек кызы Гүлмайрам — Бишкек шаарынын тургуну. 1992-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Сүлүктү шаарында туулган. Алымбек кызы Гүлмайрам жети жашында капысынан буту сынып, көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин ага дарыгерлер «Сөөктөрдүн тубаса морттугу диагнозун коюшкан. Бул илдет эл ичинде «болезнь “хрустального человека» генетикалык бузулуулар тобунун оорусу деп таанылат. Гүлмайрам балдак менен гана баса алат. Гүлмайрам 24 жашында Максат Искаковго турмушка чыккан. Жолдошу II топтогу майып. Учурда Максат менен Гүлмайрам 3 жаштагы кызын (толук кандуу, дени сак төрөлгөн бала) тарбиялап жатышат. Учурда Гүлмайрам юридикалык билим алууда. Анын келечектеги бардык максаттары кызы менен байланыштуу.
— Семиренко Айзат Майданбаевна – кранчы. Бишкек шаарынын тургуну. 54 жашта. Энергетика министрлигинин «Электр станциялары» ААКда иштейт. Айтымында, ал бала кезинен эле кранчы болууну кыялданчу. 8-классты аяктагандан кийин ширетүүчү адистигине ээ болгон. Эмгек стажы 32 жыл.
— Жумагулова Азия Казыбековна — ширетүүчү (электрик). Токтогул ГЭСтер каскадынын Токтогул ГЭСинин электр цехинин бешинчи баскычтагы электр слесары. Коомдук иш-чараларга дагы активдүү катышып, ар кандай иш-чараларды алып барууда жогорку деңгээлде уюштуруу менен көмөк көрсөтүп келет.
— Окушева Гулжан Молдогуловна – КР Коргоо министрлигинин кызматкери. 1978-жылы туулган. 2000-жылы Баткен обласуна кол салган эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылууда катышкан. Эки жашы жете элек баланы тарбиялоодо.
— Есеналиева Асель Смановна – КР ӨКМ куткаруучусу. 1983-жылы туулган. ӨКМ системасында 2013-жылдан тартып эмгектенип келет. Прапорщик Асель Есеналиева эркектер менен тең тайлашып, куткаруу иштеринде жаракат алган жана ошондой эле адам өмүрүн сактап калууда, жарандарга өз убагында медициналык, психологиялык жардамдарды көрсөтүүдө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга активдүү катышып, өзүн жогорку даярдалган адис катары көрсөтө алган. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Куткаруу кызматында иштейт.
— Жолдошбекова Диларамхан Мусаевна — КР ИИМ кызматкери. Баткен облусунун Баткен шаарынын тургуну. 1973-жылы туулган. Милициянын подполковниги Диларамхан Жолдошбекова ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөп келе жатат. Кызмат жолун Баткен ОИИБнын инспектору болуп баштаган. Иш учурунда өзүн жоопкерчиликтүү, абийирдүү, тартиптүү кызматкер катары көрсөтө алды.
— Какенова Сайха Ишенбаевна — КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери. 1974-жылы туулган. 2003-жылдан баштап азыркы убакка чейин бул системада кызмат өтөп келет. Анык мөөнөттүү аскер кызматкерлерин тарбиялоо, даярдоо боюнча жардам көрсөтүүдө.
— Мажакипова Эльвира Абжалиевна – акушер. Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. 1965-жылы туулган. Ноокат районунун Көк-Жар айылдык төрөт үйүндө акушер кызматкер болуп 35 жылдан бери эмгектенип келет. Жогорку даражадагы акушер. Эльвира Мажакипова өз кесибин мыкты билген кызматкер. Өз ишин так, убагында, жоопкерчилик менен аткара билет. 2020-жылдагы пандемия мезгилинде кызыл зонада талыкпай иштеп, кош бойлуу аялдарга жакындан жардам берип, пандемиядан сактануу боюнча күнү-түнү түшүндүрүү иштерин алып барган.
— Исмаилова Азизакан Айтибаевна — КР Ички иштер министрлигинин кызматкери. Ош шаарынын тургуну. 1968-жылы туулган. Милициянын подполковниги. Азыркы күндө дактилоскоп кызматында эмгектенет. 2004-жылдан тартып ОИИБнын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү болуп эмгектенген. 2010-жылы ушул эле бөлүмдүн тергөө бөлүмчөсүндө тергөөчү болуп иштеген.
— Дегенбаева Гулнара Орозбаевна. Мамлекеттик жана аскер ишмери Курманжан Датканын тыбырасы, 5-муундагы урпагы. 1962-жылы туулган. 1997-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда «Мээрим Булагы» деп аталган жеке менчик үй-бүлө балдар үйүн ачкан. Анда 154 баланы тарбиялаган. 2006-жылдан тартып мамлекеттик эмес “Кырк-кыз” аялдар бирикмесин жетектейт. Үй-бүлө баалуулуктарын колдогон иштерди жүргүзүп, аялдарга педагогикалык, юридикалык, психологиялык жардам көрсөтөт. Бирикмесинин алкагында Гулнара Дегенбаева өлкөнүн бардык аймагы боюнча — “Уй-бүлө майрамы”, “Тынчтык, маданият, тарых” ж.б. кептеген иш-чараларды өткөрүп, ошондой эле ичкиликке, тамеки тартууга, баңги затка каршы жөө жүрүш акцияларын жыл сайын уюштуруп келет. Дүйнө жүзү боюнча педагогика жана психология жаатында лекцияларды окуп, семинарларды өткөрөт. Көптөгөн сыйлыктардын, анын ичинде «Гумандуу педагогиканын рыцары» сыйлыгынын ээси (2015 жыл).