8-мартка карата Украинадан жалпысынан 412 Кыргыз жараны коопсуз өлкөлөргө чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар:

Польша — 201 (Польша тараптын миграциялык кызматынын маалыматына ылайык, элчиликтин көмөгү менен 150 Кыргыз жараны киргизилген);

Словакия -20;

Румыния — 19;

Түркия – 66

Молдова – 21

Чехия — 85

Башка өлкөлөр (Литва, Германия) — 13 Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилиги: +380997573413, +380442370346, +380442370348, ошондой эле Элчиликтин WhatsApp тобу;

ТИМдин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери; +996 703 428 865,+996 709 983 465, +996 554 065 215