Продюссер Дана Абдыбекова «Бейиш эненин таманында» долбоорун өткөрдү. Сүрөт
Белгилүү продюссер, коомдук ишмер Дана Абдыбекова жетектеген «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси улуттук баалуулуктарды, кыргыздын керемет дөөлөттөрүн даңазалаган бир катар ири долбоорлорду өткөрүп келет.
Адамзаттын баалуулуктары күн сайын өзгөрүп, ааламдашуу доору катуу жүрүп жаткан учурда үй-бүлө институтун бекемдөө, аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу, энелердин ыйыктыгын даңазалоо максатында жыл сайын өткөрүлүүчү «Бейиш эненин таманында» этнодолбоору быйыл 6-мартта Бишкек шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Анын ардактуу коноктору Кыргызстандын өнүгүү тарыхында кошкон салымы бар, кыргыздын легендасына айланган Самара Тохтакунова, Шарипа Садыбакасова, Назира Мамбетова, Гүлшан Молдоева, Замира Акбагышева, Аида Салянова, Ширин Костюк жана Жогорку Кеңештин депуттары Тазабек Икрамов, Эмил Жамгырчиевдер болушту.
Ал эми долбоордун каармандары жети дубандан келишкен, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, ар кыл тармактын жүгүн көтөрүп, сыймыгына бөлөнгөн апалар жана ийгиликтүү асылзат айымдар болушту. Каармандарга «Улутман эне», «Жаратман айым» дипломдору жана ордени, «Ак элечек асылзат» медалдары тапшырылды.
Ошондой эле уюштуручу Дана Абдыбекованын кыргыз маданиятына жана улуттук дөөлөттөрдү жайылтууга жасаган эмгеги үчүн Кыргызстан Аялдар Конгрессинин «Лидерлик үчүн» эл аралык маанидеги медаль менен сыйланды. Конгресстин Төрайымы Замира Акбагышева сөз сүйлөп, Дана Абдыбекова долбоорлорду дайыма жогорку деңгээлде уюштуруп, аялзатынын кадыр-баркын жогорулатууга чоң салым кошуп келе жатканын баса белгилер, ыраазычылык билдирди.
Иш-чарада апаларга жагымдуу ыр-бийлерден тышкары лотореялар ойнотулду. Долбоордун өнөктөшү «SEE HOME TURKEY» курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен Туркияга 10 күндүк жолдомо жана ата мекендик тигүүчү ишканалардын продукциялары ойнотулду.