№29 Свердлов шайлоо округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы качан чыгарыла турганын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

27-февралда Биринчи май жана Свердлов округдарында кайрадан парламенттик шайлоо өттү. 28-ноябрдагы шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон.

Шайлдабекованын айтымында, Свердлов округу боюнча жыйынтыктар укук коргоо органдарынын маалыматынан кийин чыгарылат.

«9-мартта алар мыйзам бузуулар боюнча маалымат беришет, андан кийин биз карайбыз», — деди ал.

Свердлов районунан талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев эң көп добуш алды. БШК №27 Биринчи ммай шайлоо округу боюнча кайрадан шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Элвира Сурабалдиева парламентке депутат болду.