КР Улуттук оопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Чүй облусунун энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Панфилов райондук электр тармактары (РЭТ) ага инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов РЭТинин кызматкерлери «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери КР Н.К. аттуу жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган «Опузалап пара алуу» фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-мартында Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭТинин ага инспектору К.Ж.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.