Кыргызстанда учурда жалпы 713 миң пенсионер бар. Алардын 49%ынын пенсиясы күнүмдүк тирилигине жетпейт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Алиевдин айтымында, Кыргызстанда орточо жашоо адам башына 6 миң 332 сомду түзсө, пенсионер 5600 сом менен жан сактай алат.

Жыйында депутат Камила Талиева Баткен облусундагы пенсионерлерге 2 миң сомдон кошуп берүү маселеси ишке ашкан, ашпаганына кызыкты.

«Баткен облусунда кошумча пенсия ала турган 13 миң 500 пенсионер болду. Жалпысынан жылына 335 млн сом сарпталып жатат. Кошумча төлөмдөр 10-марттан төлөнө баштайт», — деди Алиев.

Ошондой эле Алиев булардын катары ай сайын дагы 110 пенсионерге көбөйүп турарын кошумчалады.