«Ала-Тоо» жаңы конушунда бала бакчанын жетекчиси беш жашар баланы сабап коркуткан. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, баланын апасы аталган уюмга жардам сурап кайрылган.

«Апасынын айтымында, уулун жеке бала бакчанын жетекчиси сабаган. Ал ошол эле бакчада тарбиячы да болуп эмгектенет. Баланын башына катуу уруп, кулагын бурап, ажатканага камап, жарыкты өчүрүп салган. Бала азыр нерв оорусуна чалдыгып, дайыма ыйлап жатат. Аты жок бакча «Ала-Тоо» конушунда жайгашкан. Бишкек мэриясы бардык стихиялуу бала бакчаларды өз көзөмөлүнө алышы керек», — деп жазган Назгүл Турдубекова.

Ал белгилегендей, сабалган баланын ата-энеси милицияга кайрылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Назгүл Турдубекова Беловодск көмөкчү мектеп-интернатынын мугалими ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы системалуу түрдө сабап, дагы эле социалдык мекемеде ишин улантып жатканын билдирген.