Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламентте кайрылуу жасап жатып билдирди.

“Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”.

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда амбицияларды артка калтырууга, негизсиз сын-пикирден карманууга чакырды.