Бүгүн, 10-мартта Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгалак болот, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +9…+14
Талас облусунда +6…+11
Баткен облусунда +12…+17
Жалал-Абад, Ош облустарында +12…+17
Ысык-Көл облусунда +7…+12
Нарын облусунда +4…+9
Бишкек шаарында эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +12…+14 градуска жетет.