Кыргызстанда медициналык окуу жайлар менен факультеттер 15-мартка чейин текшерилип, тиешелүү жыйынтыктар чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, 26-февралдан бери медициналык кадрларды даярдаган 13 окуу жайдын жана факультеттин клиникалык базалары текшерилди.

“Жакынкы беш күндүн ичинде дагы 7 окуу жай жана факультет текшерилет. Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тынымсыз иштеп жатат. Биз билим берүү уюмдарынын клиникалык базасына гана басым жасайбыз”, — дейт Жусупбекова.