«Аэрофлот» келерки аптадан тарта Орусиядан Кыргызстанга каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандандырууга макул болгон, Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, бүгүн депутат Нуржигит Кадырбеков Орусиядан каттамдарды көбөйтүүнү сунуштаса, Адахан Мадумаров авиабилеттин баасын арзандатып, жүк 200дү ташуу көйгөйлөрүн чечүүнү  сунуштады.

Эскерте кетсек, февраль айынын ортосунда КР министрлер кабинети Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан Россияга темир жол аркылуу үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирген. Бирок кийинчерээк бийлик Орусия Федерациясы жүк ташууну кайра баштоого азырынча макул эместигин тактады.