Министрлер кабинети автоунаалардын катализаторлорун, шлактарды, күлдөрдү жана алардагы баалуу металлдардын калдыктарын экспорттоого тыюу салууну кайрадан алты айга узартууну сунуштоодо.

Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Биринчи жолу алты айга тыюу салуу былтыр август айында киргизилген.

Муну министрлер кабинети атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу боюнча чаралар деп түшүндүрүүдө, анткени Кыргызстанда айлана-чөйрөнү булгоо проблемасы актуалдуу бойдон калууда. Ошол эле учурда бийлик катализаторлор адатта унаалардан чыгарыларын белгилейт, анткени аларда баалуу металлдар – платина, родий же палладий туздары бар. Катализатордун баасы автоунаанын баасынын 13 пайызына жетиши мүмкүн.

Министрлер кабинети ошондой эле дүйнөдө палладийдин баасы жетишсиздиктен улам көтөрүлүп, суроо-талап пайда болгонун белгиледи. Мындай жагдайда унаанын бул бөлүгүн өз ыктыяры менен алып салуу же аны уурдоого алып келет.

Мындай көрүнүштөрдү болтурбоонун алдын алуу  үчүн тыюуну узартуу сунушталууда.