Кечээ, 10-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда “Жаштар үчүн келечек” биргелешкен планын ишке ашыруу үчүн макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, макулдашууга КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов мененГерманиянын Эл аралык кызматташтык коомунун Кыргызстандагы директору Йоахим Фритц кол койду.

Келишимдин максаты жаштардын экономикалык жана социалдык активдүүлүгүн күчөтүү боюнча саясатты жана иш-чараларды ишке ашыруу багытын жакшыртууну көздөйт.

Жыйынтыгында тармактар аралык кызматташуу жана улуттук деңгээлдеги стратегиялык негиздерди иштеп чыгууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде пландаштырууда жана бюджетти түзүүдө жаштардын ишин алдыга жылдырууга, жаштар иштери боюнча адистерди, жаш лидерлерди даярдоо жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү каралат.

План боюнча иш-чаралар 2022-2025-жылга чейин белгиленген.