Россия буга чейин COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанга болгон аба каттамдарына чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Федералдык аба транспорту агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-мартта орус өкмөтү дагы Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иранга туруктуу жана үзгүлтүксүз каттамдарга коюлган чектөөлөрдү алып салган.

Буга чейин Орусия Беларуска, Доминикан Республикасына, Египетке (Каирден тышкары), Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Финляндияга, Чехияга, Швейцарияга, Түштүк Кореяга жана Кубага каттамдарга коюлган чектөөлөрдү алып салган.

«Авиакомпаниялар үзгүлтүксүз жана графиктен тышкаркы каттамдарды аткарууда Россия Федерациясынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин «COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн изоляцияны камсыздоо жөнүндө» токтомунун жоболорун сактоого милдеттүү», — деп кошумчалады Аба транспортунун федералдык агенттиги.