Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Орто-Токой суу сактагычында болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Мамлекет башчысына ирригациялык тармактардын 2022-жылдын сугат мезгилине даярдыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Аскарбек Жаныбеков насостук станцияларды, суу сактагычтарды капиталдык оңдоп-түзөө, каналдарды бетондоо жана ылайдан тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштер суунун топтолушун жогорулатуу, ташуу учурунда ным коромжусун азайтуу жана каналдын ар бир метринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берип, бул өз кезегинде дыйкандардын талааларына келген суунун көлөмүн көбөйтөт.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ошондой эле суу үнөмдөөчү технологиялар — жаадырып сугаруу, тамчылатып сугаруу жана башкалар киргизилип жатканын билдирди.

Ал мурда сугат мезгилинде жыл сайын бөлүнчү каражаттардын аздыгынан улам каналдардын абалы жыл өткөн сайын начарлап келгенин эске салып, эми бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүн болгонун билдирди.  Республикалык бюджеттен ирригациялык фондду кармоого бөлүнгөн каражаттын сезилерлик көбөйтүлүшү бул маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.

Президент жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, капиталдык оңдоо жана үстүбүздөгү жылдын сугат мезгилине ирригациялык тутумду даярдоо чарбалык иштерди жүргүзүүдө суу ресурстарын башкарууга бирдиктүү мамилени талап кыларын белгиледи.

Ал ирригация үчүн мындай ири сумма (1 млрд 100 млн сом) биринчи жолу бөлүнүп жатканын, эми мамлекеттик органдарда эч кандай шылтоо болбой жана дыйкандар сугат суусун толук колөмдө, өз убагында алышы керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров ирригациялык тармактарды оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын, бул келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга байланышкан көйгөйлөрдү азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле сууну үнөмдөө боюнча комплекстүү иш-чараларды киргизүү суунун коромжусун жоюуга мүмкүндүк берерине ишеним артты. Ошол эле учурда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда бул маселенин актуалдуулугу артууда.

Президент Садыр Жапаров Орто-Токой суу сактагычын кароонун жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга дыйкандар үчүн сууну өз убагында жеткирүү жана жоготууларды кыскартуу  тапшырмасын койду.