Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарында өтө турган “Нооруз-2022” майрамындагы  сүмөлөк боюнча жооп берип, Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Губернатор элди туура эмес  фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, бөлүнгөн сумма толугу менен Баткен шаарындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөө иштерине жумшаларын белгиледи.

“Урматтуу мекендештер,

Баткен шаарында өтө турган “Нооруз-2022” майрамындагы  сүмөлөк боюнча айтып өтөйүн.

Сүмөлөк жасоого бир тыйында коротулбайт.Ал демөөрчүлөрдүн каражатына жасалып жатат.Ал эми айтылган сумма боюнча маалымат чындыка дал келбейт.Мындай маалымат берилген эмес.

Андыктан туура эмес фейк маалыматтарга ишенип, талкуу кылбоого чакырамын.

Ал эми бөлүнгөн сумма толугу менен Баткен шаарындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөө иштерине жумшалат.

Баарыңыздар билесиздер, шаардагы стадион 1972-жылы курулган,учурда эскилиги жетип, абалы өтө начар.

Буга чейин стадионду реконструкция кылуу боюнча демөөрчүлөр чыккан, бирок  кечиктирилип жатат.

Стадиондун ондоп-түзөө иштери боюнча Баткен шаардык мэриясы бизге сунуш кылган.Тилеке каршы бизде, андай чоң суммадагы акча каражаты жок.

Бүгүнкү күндө бөлүнгөн акча каражатына стадиондо реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жөө жүрүүчүлөр жана чуркоочулар үчүн жолго асфальт төшөлүп отургучтар жаңыланып жана VIP-зонасы курулат.Жалпысынан толугу менен ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Бул иш аракеттер Баткен шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Ошондуктан баарыңыздарды туура кабыл алуңуздарды суранам!», — деген.