Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кайгуул-күзөт кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте айдоочулардын жолугушуусу болуп өттү.
Жыйында жол эрежесин сактоо боюнча актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Патрулдук кызматтын маалыматы боюнча, троллейбус айдоочуларынын катышуусундагы жол кырсыгынын негизги себеби рулда бара жатып телефон менен сүйлөшүү. Ошондой эле кызматкерлер акыркы айларда троллейбус айдоочуларынын катышуусундагы кырсыктар көбөйгөнүн белгилешти.
Айдоочулар да өз көйгөйлөрүн айтып, жүргүнчүлөр сылык нормаларды сактабай, эскертүүлөрдү укпай, туура эмес жерге токтоону талап кылып жатканын белгилешти.
Жолугушууда көптөгөн суроолор берилип, берилген суроолорго жооптор алынды. Жолугушуунун катышуучулары жолугушуу пайдалуу жана жемиштүү болгонун белгилешти.
Жыйында айтылган бардык сын-пикирлер эске алынды.