Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорунун аныктыгы боюнча текшерүү жүруп жатканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин төрт депутатынын, ЖКнын Аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты, 2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкеринин жасалма диплом колдонууга шектелип жатат.

“Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер,

Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкерлери,

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери,

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери,

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) 1 кызматкери,

1 медицина кызматкери,

17 билим берүү кызматкери,

1 Социалдык фонддун кызматкери,

2 банк кызматкери,

4 муниципалдык кызматтын кызматкери,

1 Муниципалдык аймактык башкаруунун адиси,

1 КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары,

1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр,

шаардык кеңештин 1 кызматкери,

Райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы,

7 айыл аймагынын башчысы,

2 а/а башчысынын орун басары,

7 а/а кызматкери, 5 айылдык кеңештин депутаты”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле, кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча бир коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен.

12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө, же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызмат ордун бошотууга чакырат.