ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы калк арасында диний радикалдашуунун, экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, жер-жерлерде жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү багытындагы семинарларды, жыйындарды өткөрүп келишүүдө.


Алсак, 9-12-март күндөрү Ош, Баткен облустарынын аймактарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен жаштардын “Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмесинин демилгесинде «Эл аралык Толеранттуулук» фонду жана «Saferworld» эл аралык уюмунун колдоосунда Дин иштери мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте «Биз, жаштар, адилеттүү жана тынч коомду курууга салым кошобуз» аттуу маалымат кампаниясынын алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чарага Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү бийлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, кылмыштарды алдын алуу борборлорунун, жаштар комитеттеринин, жаштар борборлорунун өкүлдөрү, диний кызматкерлер (мечит имамдары), жергиликтүү активдүү жаш жигиттер жана кыздар, мектеп окуучулары, жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.
Аталган профилактикалык иш-чаралардын негизги максаты “Жаштардын зомбулукка, экстремисттик же радикалдуу жана криминалдык топторго кошулуп кетүүсүн алдын алуудагы жергиликтүү бийлик органдарынын ролу. Жаштардын маалыматтык коопсуздугу. Жергиликтүү коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн жарандык активдүүлүктүү күчөтүү” багытында катышуучуларга керектүү маалыматтарды жеткирүү, баарлашуу, сунуш-пикирлерди алуу жана мындан аркы иш-чараларды уюштурууда тыгыз кызматташууну ишке ашыруу болуп саналат.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик башкаруунун светтик принциби, дин тутуудагы укуктар жана милдеттер, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жана “Экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптары, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттары, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, салттуу ислам, жаштардын радикалдашуунун себептери, калк арасында диний радикалдашуунун, экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу, экстремисттик жана террористик уюмдардын идеялогиясы, алардын мамлекеттин мыйзамдарына дал келбестиги, айрым диний терминдер боюнча кенен маалыматтар берилди. Иш-чараларда катышуучулар берилген маалыматтарды кызыгуу менен кабыл алышты.
Профилактикалык иш-чаралардын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго жеткиликтүү жооптор берилди.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жаштарда диний жана укуктук маселелерге байланыштуу маалыматтарды билүү деңгээли төмөнүрөөк экени айгинеленди.
Иш-чараларды өткөрүү учурунда катышуучуларга санитардык эпидемиялогиялык эреже тартиптерди сактоо максатында маскалар, коргонуучу каражаттар таратылды. Жалпысынан өткөрүлгөн профилактикалык иш-чараларга 1000 жакын катышуучу катышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы