Кыргызстандык боксчулар жаштар жана юниорлор арасындагы Азия чемпионатында 13 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен маалымдашты.
Мелдеш 27-февралдан 15-мартка чейин Иорданияда өттү.
Кыргызстандын юниорлор курамасы 6 коло жана бир күмүш, жаштар курамасы бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль багындырышты.
Юниорлор арасында:
Күмүш медаль:
— Эмир Кылычбеков (50 кг),
Коло медаль:
— Зафарбек Камилов (46 кг),
— Темирхан Данияров (48 кг),
— Рамзан Кадыров (63 кг),
— Мухаммадазиз Закиров (75 кг),
— Азим Чойбеков (80 кг),
— Назбийке Абаева (52 кг).
Жаштар арасында:
Алтын медаль:
— Алмаз Орозбеков (60 кг).
Күмүш медаль:
— Бекзат Эргешов (48 кг),
— Акжол Асылбек уулу (57 кг).
Коло медаль:
— Санжар Тенизбеков (86 кг),
— Арген Бактыбеков (92 кг),
— Жодар Сапарбеков (92 кг).