Тагдыр: Күлкү астына катылган муң…
Аял заты бир башкача чыдамкайлык, эрктүүлүк менен жуурулган жанбыз. Канчалык каршылыктар, тоскоолдуктар буттан чалып турса да он жыгылып кайра туруп кете берген жанбыз. Кайгыны күлкү менен жаап жүрө беребиз. Үч баламды удаа жоготкон күндөр жүрөгүмдө кара так болуп кала берди. Аларды унутуу мүмкүн эмес экен.
Дал ошол башымдан өткөн оор күндөрдү унутуу үчүн ар убак күлүп жүрөм. Менин бул күлкү астына катылган сырымды эч ким билбейт. Тескерисинче кошуна аялдар күйөөлөрүн кызганып, мени жаман көрүшөт.
Түнкүсүн уктасам эле түшүмдө жоготкон балдарым кире берет. Ошондуктан жолдошум менен ажырашып эки жолго түшкөндөн баштап, түнкүсүн иштеп, түнкү сменага чыгам. Түнү менен иштеп, чарчап калам да, күндүзү кечке уктайм. Менин бул ыкмам жанымда кошуна жашаган эжеге такыр жакпайт. Аны мен үйдө жарык өчүп калып, кошуна байкеден карап берүүсүн суранганда билдим.
Ошол күнү кандайдыр бир себептер менен үйдө калдым. Түнү иштеп организм көнүп калганга караңгы үйдө отура албай кошунамдын эшигин такылдатып жарыкты карап берүүсүн кошуна байкеден сурандым. Эшикти ачкан аялы мени башымдан ылдый олурая карап жолдошун чакырды. Анан күйөөсү экөө чогуу кирип жарыкты жандырып беришти. Жарык күйгөндө мен аларды чайга чакырдым. Күйөөсү «силер отуруп чай ичкиле менин футболум өтүп кетет» деп чыгып кетти. Ошондо кошуна эже экөөбүз жакындан таанышып, түн бир оокумга чейин отурдук. Көрсө эже мени жеңил ойлуу кыз, түнкүсүн иштеген көпөлөк болсо керек деп ойлоп жүрүптүр.
Мен ага 19 жашымда турмушка чыкканымды, тун уулум курсагымда чарчап калганын, кийинки эгиздерим төрөлгөндө чарчап калганын, жолдошум менен ажырашып шаарга келип, түнкү сменага туруп, таң атканча оорулуу адамдарды карарымды айттым. Карасам эже көзүнө жаш алып ыйлап отурат. «Кечир мени сен тууралуу такыр башка ойдо элем. Анткени сага чейин бул батирде бир 50 гө таяп калган Таластык киши жашады. Башында «Алла ыраазы болсун» деп жүргөн кийин эле 25 жаштагы кызындай кызды алып келип жашап алды. Достору келет алар менен таң атканча ичип чыгат. Аялы деле бар экен айылда, а баласын болсо сөгүп-сагып батырбай койду. Карасаң азыр биз адамдар пейилибиз бузулган, заман эмес. Ушул батирге оңдуу адам келбеди деп кайгырып жүргөм», — дейт.
Эже туура айтат азыр заман жакшы баардык, баардык нерселер бар, каалаган нерсени жасай алабыз. Бирок, пейилибиз тарыгандан-тарып баратат. Жумушта кээде өлөйүн деп келген эркектер жан кирип, бутка туруп калганда тийишип калышат. Азыр жашоо акчадан анан «төшөктөн» эле көз каранды болуп калгандай. Жан кыйнабай жеңил акча таап, бат эле байып кетүүнүн багытын издеген эле адам…
Жазгул Баяналиева, Бишкек шаары.
Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.