Бүгүн, 16-мартта, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө күндүз 8…13, Таласта 7…12, Ысык-Көлдө 5…10 градус, Нарын облусунда 4…9 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкекте абанын температурасы 8…10 градус болот.