15-мартта Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын оңдолуп жаткан корпусунда травматология бөлүмү ачылды. Анда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имарат демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди.

Ал эми Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, имараттын бир бөлүгүндө оңдоо иштери дагы деле жүрүп жатат. Аны жакында бүткөрүү пландалууда.

«Бул имаратта чоңдордун ортопедиясы, муун патологиясы жана сөөк хирургиясы бөлүмүн ачуу пландалууда. Аталган корпуста 95 орун болот жана алты реанимациялык керебет жайгашат», — деди башкы дарыгер.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан азырынча имаратта 95 орун түзүлгөнүн, ремонт иштери толук бүткөндө анын саны 300гө жетерин айтышты.

Буга чейин травматология бөлүмү Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына (мурдагы Травматология жана илим-изилдөө борборуна) караштуу болгон. Бирок 14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган ооруканага барып, травматология бөлүмүн жабуу тууралуу чечим кабыл алганын айткан.

Анда министр Улуттук госпиталга жаңы 350 орундуу травматология бөлүмү ачыларын кабарлаган. Ал «андай оорукана Кыргызстанда жок — шарттары таптакыр башкача» деп белгилеген.

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон.

Борбор жоюлуп, ордуна Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы ачылган. 14-февралда № 5 Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Памир Муратов оорукананын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.