Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкөбүздүн аймагындагы баңгизатын  ири өлчөмүндө, оор түрлөрүн сатуу менен уюшулган туруктуу топ аныкталып, кармалды.

Бал факт, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-февралында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында атайын ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүлуп, К. уулу Э. кармалып, оң колунда кармап турган кара түстөгү баштыгынын (Рюкзак) ичинен эки даана күмүш түстөгү фольгага оролгон, анын ичинде скотчтолгон таңгактар табылып далил буюм катары алынган. Мындан тышкары, бул кылмышка дагы бир шектүү катышкандыгы аныкталып, ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда К.К. аттуу жаранды жаранды кармашкан.

Алынган заттар соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык таза салмагы 2 кг 16 гр. «Апийим» банги аты экендиги аныкталган.

Азыркы учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштарга тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы