Бүгүн, 16-мартта, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынында “КРнын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үч окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу КР ЖКнын сайтында маалымдалат.

Жыйында министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Элчибек Жантаев маалымат берип, мыйзам долбоору КР президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы Жарлыгын ишке ашырууга, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга багытталганын кошумчалады. Муну менен катар Элчибек Джантаев бул мыйзам долбоорун үч окууда карап берүүнү өтүндү.

Талкуу маалында депутаттар Гуля Кожокулова, Дастанбек Жумабеков жана Чыңгыз Ажыбаев бул мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдиришти. Алсак, маселе актуалдуу экенин айткан депутат Гуля Кожокулова Исхак Раззаковдун мамлекеттүүлүктү түптөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымына токтолду.

Мындан тышкары, комитет “Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карап, жактырды. Долбоордун демилгечиси депутат Адахан Мадумаров токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жогорку Кеңештин үч адистештирилген комитетине жүктөлүшү керектигин белгиледи.