Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин Академиясынын студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

С.Өмүрзаков студенттер менен жылуу учурашып, өмүрүнүн 33 жылын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө арнаганын баса белгилеп, өзүнүн эмгек жолундагы негизги этаптарга токтолду.

Парламентарий жаштарды бийик максаттарды коюуга, мыйзамдуулук жана гуманизм принциптерин сактоого, ошондой эле кызматтык тартипти сактоого чакырды. «Жарандар курч көйгөйлөргө туш болгондо сизге кайрыларын унутпаңыздар, сиздердин милдетиңиздер аларга ыкчам жана сапаттуу укуктук жардам көрсөтүү», — деди С.Өмүрзаков. Ал кошумчалагандай, элдин ички иштер органдарына болгон ишениминин деңгээли ар бир милиционердин аракетинен көз каранды.

Андан соң жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланды. Студенттер парламенттин иштешине, мыйзам чыгаруунун өзгөчөлүктөрүнө кызыгышты.