Шаардын аталышы Жарлыкта көрсөтүлгөндөй коюлат,- деп билдирет Раззаков шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

«Кыргыз Республикасынын Баатыры», чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Министрлер кабинетинин жыйынында «Исфана» шаарын «Раззаков» шаары деп өзгөртүү демилгесин Президент Садыр Нургожоевич Жапаров  көтөргөн.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, анын мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегин эске алып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына байланыштуу, Конституциянын 71-беренесин жана 86-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кабыл алынган. Жогорудагы токтомдун негизинде  шаар мэриясы иш алып баруудабыз.

“Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка 25-декабрда кол коюлган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-мартта Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, үч окууда жактырды.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү шаарды “Исхак Раззаков” деп толук атоо керектигин кошумчалашты.

Өз кезегинде, Элчибек Жантаев тилдик эрежелерге таянган Илимдер академиясынын окумуштууларынын корутундусунун негизинде “Раззаков” деп атоо чечими кабыл алынганын маалымдады.

Эске салсак, социалдык тармактын колдонуучулары шаардын аталышы «Исхак Раззаков» шаары  деп  аталышы керек деген пикирлерин жазышууда.