2022-жылдын 16-мартында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Алмазбек Бейшеналиев менен Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдин жолугушуусу болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда А. Бейшеналиев менен Э. Ауэр Кыргызстан менен Европа Биримдигинин билим берүү жаатындагы биргелешкен демилгелерин талкуулашты. Атап айтканда, тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашуу (анын алкагында Европа Биримдиги тарабынан Кыргыз Республикасына 35,76 млн евро өлчөмүндө гранттык жардам берилген) ийгиликтүү аяктаганын, бул каражаттар Кыргызстандын бюджетин колдоого жумшалганын белгилешти.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кыргызстандын билим берүү секторунда реформа жүргүзүүгө жаңы гранттык келишим түзүүнүн күнгөй-тескейин талкуулашты.

2023-2027-жылдарга эсептелген бул келишимдин алкагында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасына 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, бул каражаттар да өлкөнүн бюджетин колдоого багытталат.