Бүгүн, 18-мартта, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…5, Таласда -1…+4, Ысык-Көл облусунда 2…7, Нарында күндүз 1…6 градус болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз жамгыр аралаш кар жаайт. Абанын температурасы 3…5 градус болот.