Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2022-2023-жылдарга эки жылдык кызматташтык келишимине кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен болуп, саламаттыкты сактоо жана миграция маселелери боюнча “Качкындардын жана мигранттардын ден соолугун коргоо концепциясын биргеликте түзүү” жыйынына катышты.

Бул жолугушуунун алкагында 16-мартта министр ДССУнун Европалык аймактык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолугушуп, анда тараптар 2022-2023-жылдарга КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУнун Европа аймактык бюросунун ортосундагы эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.