Февраль айында Улуттук банктагы (УБ) алтындын кору 5,3 миллиард 342,7 миллион сомго өстү.

1-февралга карата ал 49 миллиард 691,3 миллион сом болсо, марттын башындагы көрсөткүчкө сереп салсак, сумма 55 миллиард 34 миллионго чейин өскөн. Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча февраль ичинде байкалаарлык эле, тагыраагы, бир унциясына 122 долларга жогорулаган.

Аны менен катар эле февралдын башынан 1-мартка чейин доллардын курсу өскөн, УБнын расмий курсу менен алганда 8,5 сомго секирик жасаган.

Алтын корунун наркы кантип өзгөрдү

Былтыр туруктуу болбой, өйдө-ылдый чыгып турган, тагыраагы, майда рекорддук көрсөткүчө жетсе, сентябрга карата 29 миллиардга төмөндөп кеткен.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.