Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 17-мартта Түркияга болгон иш сапарынын алкагында бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушту.

Жолугушууда «Усхаш» мамлекеттик акционердик коомунун (дары-дармек жана медициналык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу орган) өкүлдөрү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүдө Кыргызстанды дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо, ошондой эле оор дартка чалдыккан кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квоталардын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында Түркия Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык буюмдарды берүү боюнча макулдашууга жетишилди. Дары жеткирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин уюштуруу боюнча чараларды көрүлөт. Бул Украинадагы кырдаалды эске алуу менен кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан дары рыногун толуктоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле жолугушууда министр кесиптешинен Кыргызстандын жаранын түрк клиникаларынын биринде дарылатууга көмөктөшүүнү суранды. Кыргызстандын К.Э.А аттуу жараны Түркиянын Измир шаарында жашап, кымбат операция жасатууга муктаж.

Түрк министри бул маселени карап чыгарын, кыргызстандык аялга бекер жардам берилерин айтты.