Кечээ, 17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна түшкөн кар көчкүдөн улам жол ачыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

“18-март саат 12:00гө карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн 19 миң 170 метр куб көлөмү тазаланды. Унаа жолдун 294-чакырымы жалпы көлөмү болжол менен 225 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 47 миң метр кубу жолго түшкөн.

Ал эми жолдун 296-чакырымында болжол менен 900 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 38 миң 250 метр кубу жолго түшкөн. Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.

Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазалоо иши жүрүүдө”, – деп билдиришти ӨКМдан.