Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык иштер боюнча КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы А. Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө ал тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө максатында, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен, акча каражатын пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды.

Мындан тышкары, Кубанычбеков жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө А. Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.