Кар көчкү бууп калган Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Долон ашуусунун жолу ачылды. Унаалардын каттамына 16:00дөн тарта уруксат берилет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 17-мартта болжол менен саат 10:00дө аталган жолдун 296-297-чакырымында (Долон ашуусу) кар көчкү түшүп, жол жабылган.

«Долон ашуусундагы жол ачылды. 16:00дөн тарта унаалардын каттоосуна уруксат берилет. Жол толук тазаланып бүтө электигине байланыштуу чектөөлөр бар. Айдоочулар 500 метр аралыкты так сакташы керек. Учурда жол көзөмөл кызматынын алты посту иштеп жатат. Көчкүдөн өтө албай турган 200гө жакын жүк ташуучу автоунаа бар. 20 мүнөт сайын бештен автоунаа өткөрүлүп турат. Ал жерде бир унаа өткүдөй гана жол ачылган», — деп айтылат билдирмеде.

Аба ырайына байланыштуу Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 291-297-чакырымдарында дагы эки коктудан көчкү жүрүү коркунучу бар экени айтылып, мекеме сак болууга, зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай турууга чакырды.

Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.